Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башсысы, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасы
Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башсысы, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасы
Абдурасулов Абдугани Холмурзаевич, 1965-жылы туулган, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, ОшМУнун ветеринария жана биотехнология кафедрасынын башчысы.
1992- жана 2006-жылдары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин зоотехникалык жана ветеринардык факультеттерин бүтүргөн. 1995-жылы «Жеке зоотехник, мал чарбачылыгынын технологиясы» адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын, 1996-жылы «Кыргыз эчкилеринин сүт багытындагы түрүн өстүрүү» деген темада докторлук диссертациясын жактаган. 2009-жылы «Зоотехния» адистиги боюнча профессор наамы ыйгарылган.
Илимий ишмердүүлүгү
А.Х. Абдурасуловдун илимий жетекчилиги астында 5 кандидаттык жана 2 докторлук диссертация жакталган. Абдурасулов 300дөн ашык илимий иштердин, анын ичинде чет өлкөлүк илимий журналдарда (РИНЦ-225, SCOPUS и WoS-11) жарыяланган 250дөн ашык макалалардын, 5 монография, 4 окуу китеби, 15 буклет жана усулдук сунуштар, 4 селекциялык жетишкендикке патент, 4 автордук күбөлүк жана жылкыларды жасалма уруктандыруу боюнча 1 пайдалуу моделдин автору. 10 жыл бою мал чарбасы боюнча докторлук диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин илимий катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын илимий катчысы, эксперттик кеңешинин төрагасынын орун басары, айыл чарба жана ветеринария илимдери боюнча президиумунун мүчөсү болгон.
2018-жылдан бери Саратов бөлүмүндөгү Вавилов коомунун Генетиктер жана селекционерлер коомуна мүчө. Экология секциясы боюнча Эл аралык экология жана жашоо коопсуздугу илимдер академиясынын (МАНЭБ) толук мүчөсү (академиги), ошондой эле МОАН академиги болуп шайланган.
2022-жылдан бери «ОшМУнун Жарчысы. Ацыл чарба: агрономия, ветеринария жана зоотехника» журналынын башкы редактору.
2022-жылдан бери Россиянын «Айыл чарба журналынын» редколлегиясынын мүчөсү.
2022-жылдан бери Оренбург мамлекеттик агрардык университетинин «Известия» журналынын редколлегиясынын мүчөсү.
2024-жылдан бери Бүткүл орусиялык жылкы чарбачылыгы боюнча илимий-изилдөө институтунун «Ардактуу окумуштуу-иппологу» жана ВНИИКтин «Ардактуу илимий кеңеш мүчөсү».
2024-жылдан бери Россиянын «Агрардык илим» журналынын редколлегиясынын мүчөсү.
Сыйлыктары жана жетишкендиктери
Илимий ишмердүүлүгү, ак ниет эмгеги, айыл чарба жана ветеринария тармагындагы селекциялык жетишкендиктерге кошкон салымы үчүн төмөнкү сыйлыктар менен сыйланган: