Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Айыл чарба: агрономия, ветеринария жана зоотехния
e-ISSN 1694-8696

Жарыялоо шарттары

"Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Айыл чарба: агрономия, ветеринария жана зоотехния" журналынын редакциясы мындай негизги багыттардын фундаменталдуу проблемалары боюнча оригиналдуу макалаларды басмага кабыл алат:

  • Агрономия
  • Ветеринария
  • Зоотехния

Кол жазма журналдын редакциясына орус, кыргыз же англис тилдеринде берилет. Бир макаланын авторлорунун саны 5 адамдан ашпоого тийиш. Кол жазма журналдын редакциясына өткөрүлүп берилгенден кийин макаланын автордук курамына өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.

Электрондук форматтагы макалалар редколлегияга info@agriculture-oshsu.com, электрондук дареги же Макаланы тапшыруу веб-сайты аркылуу жөнөтүлөт.

Макалага өзүнчө файл менен авторлор жөнүндө үч тилде (кыргыз, орус жана англис) маалыматтар: фамилиясы, аты, атасынын аты, иш аткарылган мекемелердин аталыштары жана почталык даректери, ошондой эле байланыш телефондору, электрондук даректери, илимий даражасы жана кызмат орду тиркелет. 2022-жылдын 1-октябрынан баштап макаланын авторлорунун ар биринин ORCID идентификациялык номерлерин кошуу милдеттүү. Сиз ORCIDти расмий түрдө https://orcid.org/ веб-сайттан түзө аласыз.

Файлдын аталыштары автордун фамилиясына дал келиши керек. Мисалы: Иванов_Макала, Иванов_Маалымат.

Кол жазманы алган күнү болуп анын редакцияга келип түшкөн күнү эсептелет. Бул эрежелерге туура келбеген кол жазма келип түшкөн учурда редакция мындай материалды карабоо укугун өзүнө калтырат, бул тууралуу авторлорго кабарлайт.

Макаланын англис тилиндеги нускасы анын профессионалдык котормосу болгондо гана кабыл алынат. Интернет котормочуларынын жардамы менен которулган англис тилиндеги нускасы  жөнөтүлгөн учурда (мисалы, Google), материалдар четке кагылат.

 

 

Басып чыгарууга чейинки даярдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү жөнүндө Ачык келишим